Аксакалдар сотуна жүрүм-туруму үлгүлүү адамдар кабыл алынат

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары аксакалдар сотуна сот жоопкерчилигине тартылбагандар гана шайлана алышат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Аксакалдар соттору жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 10-мартында кабыл алынган. 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда жаткан атка минерлердин абалын көрдү
Мыйзамдын негизги максаты — жүрүм-туруму үлгүлүү адамдарга аксакалдар сотунун курамына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү, ошондой эле соттордун ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү материалдык-техникалык шарттарды түзүү болуп саналат.

Мындан ары аксакалдар сот жоопкерчилигине тартылбагандар гана шайлана алышат. Ал эми аксакалдар соту салган жаза пулдар жергиликтүү бюджетке чегерилип, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин камсыз кылууга багытталат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0