Тагдырга ташталган ымыркайлар үчүн "бөбөк-кутулар" маселеден кутултабы?

Жазылуу
Акыркы күндөрү күкүк энелер көбөйдү. Таласта 25 жашар эненин баласын итке жем кылып таштап бергени үрөйдү учурат. Бул меселени чечүү үчүн эл өкүлдөрү "бөбөк-кутуларын" орнотуу зарылдыгын айтып чыгышты. Анткен менен бул демилгенин терс жактары да жок эмес.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламенттин отурумунда ташталган бөбөктөр үчүн коомдук жайларга атайын "бөбөк-кутуларды" орнотуу демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, бул кадам ташталган ымыркайларды сактап калууга багытталат.

"Учурда жаңы төрөгөн балдарын таштап кеткен энелер көп кездешүүдө. Ушуга байланыштуу "бөбөк-кутуларын" орнотуу маселесин көтөрдүм. Европа өлкөлөрүндө мындай "бөбөк-кутулар" көп жылдан бери эле иштеп келет. Негизги маселе — ал жерди анонимдүү кылуу зарыл. Кышкысын жылуу, ал эми жайында салкын болуп, ыңгайлуу шарт түзүлсө ташталган ымыркайлардын өмүрү сакталмак. Мындан сырткары, кутуларды коомдук жайларга орнотуу керек. Анткени энелер бөбөктөрүн атайын жерлерге эмес, коомдук жайларга таштайт", — дейт депутат.

Ал аталган маселени Саламаттык сактоо жана Социалдык өнүгүү министрликтери ишке ашырышы керектигин кошумчалады. 

"Демилгени иш жүзүнө ашырууга көп деле каражат кетпейт. Андыктан, Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык өнүгүү министрлиги демилгени ишке ашырууга аракет кылуусу зарыл", — дейт Мавлянова.

Муну менен бирге депутат кутучалар күкүк-энелердин көбөйүшүнө да өбөлгө болушу мүмкүн экенин кошумчалады. 

"Албетте, маселенин терс жагы да бар. Бирок демилгенин максаты — ташталган ымыркайларды сактап калуу болуп саналат. Болгону ушул", — дейт эл өкүлү. 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов кесиптешин колдоого алды. 

"Мен буга чейин эле бул көйгөйдү козгоп келгем. Эң туура маселе. 2013-жылы демилге көтөргөнүмдө ошол убактагы Саламаттык сактоо министрлиги баласын таштагандар көбөйүп кетет деген жүйөө менен колдоодон баш тарткан", — дейт Бекешов. 

Эске сала кетсек, саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев төрөт үйлөрүнө энелери баш тарткан ымыркайлар үчүн атайын кутучаларды орнотууну сунуштап чыккан. Батыралиев мындай кадам жок дегенде ташталган бөбөктөрдүн өмүрүн сактап калат деп эсептейт.

Ооруканада жайгашкан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул: милиция ымыркайдын ажатканадан кантип алып чыгарылгандыгын айтып берди
"Биз жаш энелер коомдук ажатканада же шаар четинде боюнан түшүп калганына жөн карап отура албайбыз. Бул жапайы кадам. Мамлекет бул көйгөйдү тезинен чечүүсү керек. Буга көп деле каражат талап кылынбайт", — дейт министр

Ислам университетинин ректору Марс Ибраев бул демилге жараатты күчөтөрүн айтып, сунушка каршы экенин билдирди.

"Ислам дининде баланы таштап кетүү — чоң күнөө. Ал эми бул демилге күнөө жасоого шарт түзүү болуп саналат. Коомдук жайларда атайын кутучалар бар экен деп төрөп, таштап кете берсинби? Бул эң жаман көрүнүш. Ооба, акыркы күндөрү баласын таштаган энелер кездешүүдө. Бирок абдан көп болуп кетти деген жалган. Бөбөктөр үчүн кутуларды орнотсок эле тыйылып калабы? Жок! Маселе бышып жетилгенде чечпей, алдын албайлыбы? Жаштарга, кыздарга үй-бүлө куруу тууралуу сабактарды өтпөйлүбү? Мен демилгеге каршымын", — дейт Ибраев.

Кыргыз-орус славян университетинин медициналык факультетинин студенти Бегимай Мамытова баласын таштаган энелерге шарт түзүп берсек, аларга окшогондор көбөйүп кетет деген ойдо. 

"Бул демилге маселени чечет деп айта албайм. Баланы таштагандар акыркы күндөрү арбын болуп кетти. Атайын кутучуларды орнотуу менен алардын саны дагы көбөйөт. Мен колдобойм", — дейт Мамытова.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев демилгени колдоого аларын билдирди.

Ымыркай колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги соода борборунун бириндеги ажатканада айымдын боюнан түшүп калды
"Балдарды ажатканаларга, акыр-чикирлерге таштагандан көрө атайын кутуларга таштаганы жакшы да. Жашырганда эмне? Жаштардын тарбиясын оңдошубуз керек. Бөбөктөр үчүн кутулардын орнотулушу менен баласын таштагандар көбөйөт дегенге кошулбайм. Алар деле айла жоктон таштап жатат. Турмушта ар нерсе болот экен да", — дейт Масалиев. 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эне ымыркайды ажатканага таштап кеткен. Андан бир апта мурун Бишкек шаарындагы соода-борборлорунун ажатканасында бир эненин боюнан түшүп калган. Жакында эле Таласта көчөгө ташталган баланы ит жеп кеткен фактысы бүткөн бойду дүркүрөткөн. 

"Бөбөк-кутулар" — алгачкы ирет 1198-жылы Италияда пайда болгон. Андагы жаш энелер жаңы төрөлгөн балдарын Тибр дарыясына таштаган учурлар көп кездешкендиктен, жолдон чыгуунун ушундай ыкмасы иштелип чыккан. 

Бүгүнкү күндө аталган кутулар Италия, Германия жана Пакистанда көп кездешет.

Германияда 100гө чукул "бөбөк-кутулар" орнотулган болсо, Пакистанда алардын саны 300гө жетет.

"Бөбөк-кутулар" орнотулган жерде жашыруун тасма болбошу керек. Башкы максат — таштаган энелердин анонимдүүлүгүн сактоо талап кылынат. "Бөбөк-кутуларды" кезектешип бирөөлөр көзөмөлдөйт. Кутуга ымыркай түшөрү менен сигнал келип, ал дароо кулпуланат. Тез арада дарыгерлер милиция кызматкерлери менен биргеликте келип, ташталган ымыркайды кабыл алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0