Бишкектеги фонтандар шаар күнүнө карата иштетилет

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтандын жанында ойноп жаткан бала. Архив
Фонтандын жанында ойноп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин токтомуна ылайык 29-апрель — борбор калаанын күнү деп белгиленген. Мэрия буга карата фонтандардын сезону ачыла турганын айтты.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкектеги фонтандар 29-апрелден баштап иштей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда фонтандардын ишин сынактан өткөрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Шаардык кеңештин токтомуна ылайык 29-апрель — борбор калаанын күнү деп белгиленген. Быйыл Бишкек 138 жылдыгын майрамдайт.

Шаар күнүнө караба борбор калаада өтчү майрамдык иш-чаралар тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0