Бала бакчаларда мекенди сүйүүгө багытталган майрамдар өтүүдө

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБөбөктүн колу. Архив
Бөбөктүн колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар ыр ырдап, мамлекеттик символикалар тууралуу суроолорго жооп берип жана өздөрүнүн түрдүү өнөрлөрүн тартуулашты.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы бала бакчаларда Тарых жана маданият жылына карата атайын иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Майрамдык оюндарда балдар ыр ырдап, мамлекеттик символикалар тууралуу суроолорго жооп берип жана өздөрүнүн түрдүү өнөрлөрүн тартуулашты.

Бул иш-чаранын максаты балдарды мекенди сүйүүгө, маданиятты билүүгө жана улуттук сезимди көтөрүүгө багытталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0