Жаш гвардия бульвары көрктөндүрүлүп жатат

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекДарак кыюу. Архив
Дарак кыюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын комиссиясы кооптуулук жараткан 37 бакты кыюу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкекте Ленин районунун администрациясы Жаш гвардия бульварын көрктөндүрүп жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 4,5 чакырым узундуктагы арыктар тазаланып, бульвар жалбырактардан арылды. 

"Учурда кооптуу абалдагы бактар аныкталууда. Комиссия 37 бакты кыюу керектигин билдирди. Муниципалдык администрация тигил же бул бактын кооптуулугу тууралуу атайын эскертүүлөрдү илип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, аймактагы эстеликтер, архитектуралык формалар тазаланып, калыбына келтирилгени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0