Болот Отунбаев КРдин Россиядагы элчи кызматына расмий киришти

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин принял верительные грамоты у послов иностранных государств
Президент РФ В. Путин принял верительные грамоты у послов иностранных государств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн ишеним грамотасын РФ президенти Путинге тапшыруу аземи өттү.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы жаңы дайындалган толук жана ыйгарымдуу элчиси Болот Отунбаев өлкөнүн президент Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу элчилик билдирди.

Эскерте кетсек, Отунбаевдин талапкерлигин аталган кызматка февраль айында Жогорку Кеңеш колдогон. Тийиштүү буйрукка март айында президент кол койгон.

Ишеним грамотасын тапшыргандан кийин Отунбаев элчилик кызматка расмий киришти. 

Ага чейинки элчи Болот Жунусов мөөнөтү аяктагандыктан кызматтан бошотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0