Майрамдардан улам 2-5-май эс алуу күндөрү деп жарыяланды

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтанда ойногон балдар. Архив
Фонтанда ойногон балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү токтомго өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Дем алыш күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу үчүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков токтомго кол койду.

Ала-Тоо аянтындагы улттук кийимдерди кийген балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясы Шаар күнүнүн майрамдык программасын айтып берди
Беш күн иштеген уюм, мекемелердин кызматкерлери үчүн 3-4-май жумуш күндөрү 30-апрелге жана 7-майга жылдырылды. Ошентип, 2-майдан 5-майга чейин жумуш эмес күнү деп жарыяланды.

Муну менен бирге 9-май күнү да эс алуу күнү болуп саналат.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алары айтылып, бул күндөргө 6-май да киргизилген. Учурда 6-7-май күндөрү жумушчу күн деп белгиленди.

Кыргызстанда кайсы күндөр эс алуу күнү деп белгиленгенин Sputnik Кыргызстан даярдаган инфографикадан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0