БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда ууланган түрк лицейинин окуучулары ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин аталган окуу жайдын сегиз окуучусу тамак-ашка ууланып, шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылганы айтылган. Маалыматка ылайык, 9-класстын окуучусу үйүнөн салат алып келип, эртең мененки тамактан кийин жатаканадан достору менен жеген.
Түшкө жуук эки окуучу өзүн жаман сезе баштаган, саат 15.30дарда дагы алты окуучу ичи ооруганын айтып, окуу жайдын медициналык пунктуна кайрылган. "Ботулизмге" шектелип, аталган окуучулар кечээ ооруканага жаткырылган.
Бүгүн дарыгерлердин консилиумунан кийин "ботулизм" диагнозу тастыкталбай, "тамак-ашка жеңил уулануу" деп бааланган.
Балдар тийиштүү медициналык жардамдан кийин бүгүн саат 11.00дө ооруканадан чыгышты.