Муфтий Оштогу студенттер менен маданият, билим жана дин боюнча баарлашты

© Sputnik / Табылды КадырбековКР муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив
КР муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токтомушев жаштарды караңгылыктан тазаланууга, уяттуу болууга чакырды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. КР муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Оштогу студенттер менен маданият, билим жана дин жаатында баарлашты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Азирети муфтийдин "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган "Улуттук маданият, билим жана дин" аталышындагы студенттер менен жолугушуусу кечээ 19-апрелде Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуудан соң жыйынтыкталды.

Куран китеби жана тесме. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курани Карим боюнча жарыштын финалы башталды
Ошондой эле "Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков маданият өзүнчө, дин өзүнчө, биздин маданиятыбыз өзүнчө деген пикирди айтуунун өзү туура эместигин студенттерге түшүндүрдү.

Өз кезегинде Токтомушев жаштарга караңгылыктан тазаланууга, уяттуу, бири-бирине камкор, мээримдүү болууга чакырды.

Мындан сырткары, ислам маданияты жөнөкөйлүк менен уяттуулуктан куралгандыгын түшүндүрүп, жакшылык нерсе мээнет менен гана келерин айтып, жаштарды эмгекчил болууга үндөдү.

Эскерте кетсек, мындай жолугушуулар Ош технологиялык жана Ош гуманитардык педагогикалык университетинде да өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0