ӨКМ: өзгөчө кырдаал жарыяланган Чүй облусунда абал турукташты

Жазылуу
Нөшөрлөгөн жаандан улам Чүйдө өзгөчө кырдаал жарыяланган. Учурда абал ӨКМдин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков баштаган ыкчам топ Чүй районунун Интернат, Совет, Кара-Ой, Кегети айылдарын кыдырып, абал менен жеринен таанышып жүрөт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, 18-апрелде түштөн кийин катуу жааган жаандан улам суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында Чүйдө өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Маалыматка ылайык, Кегети айылында 29 турак жайдын ичине суу кирип, анын бирөөсүн каптап калган. Мындан тышкары аталган айылдарда да суу кирген үй-жайлар катталды. 

"Абал туруктуу, бардыгына толугу менен көзөмөл жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Учурда Чүй районунун Жарандык коргоо комиссиясы табигый кырсыктын кесепетин эсептөөдө.

Кыргызстанда 18-апрелде сел каптап, кооптуулук жаралган аймактарды Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0