Фучик сейил багына спорттук аянтча курулуп, чырактар орнотулууда

Жазылуу
Сейил бакты эс алууга ыңгайлаштыруу үчүн Ленин райондук администрациясы атайын иш алып барып жатканы маалыматта белгиленген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Фучик сейил багында бекер муниципалдык спорттук аянтча ишке кирди. Анда ар бир каалоочу волейбол, чоң жана стол теннисин ойной алат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Сейил бакты эс алууга ыңгайлаштыруу үчүн Ленин райондук администрациясы атайын иш алып барып жатканы маалыматта белгиленген.

"Учурда сегиз миң бадал, 40 ийне жалбырактуу жана 300 жалбырактуу дарактар тигилди. Муну менен катар 65 көчө чырактары, отургучтар менен таштанды салуучу челектер орнотулуп, тротуарлар ремонттон өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. 

Ленин райондук администрациясы бардык жарандарга мыкты эс алуу каалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0