ЖАМК: колонияда соттолгондордун 8 пайызы — баңгилер

Жазылуу
Мекеме Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиевге жооп берди.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Түзөтүү колонияларында жаза өтөп жаткандардын сегиз пайызы баңги экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиевдин журналисттерге түзөтүү колонияларында жаза өтөп жаткан ар бир экинчи жаран баңгизат пайдаланары тууралуу айтканын жазып чыгышкан.

ЖАМК Мамбеталиевдин сөзү чындыкка дал келбей турганын белгилейт.

"Учурда колониядагылардын сегиз пайызы гана баңги", — айтылат билдирүүдө.

Баңгизаттан көз карандылыгы үчүн каттоодо 3,1 пайыз жаран турса, метадон терапиясы менен дарылангандардын саны 4,9 пайызга жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0