Кыргыз кызына үйлөнгөн футболчу Дениэл Тэго ымыркайлуу болду

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив
Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар былтыркы жылдын күз айында баш кошушкан. Дэниэл Тэго Ганада төрөлгөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыгызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Дениэл Тэго жубайы Элнура экөө кыздуу болушту. Бул тууралу КРдин Футбол лигасынын маалымат кызматы кабарлайт. 

Футболчу өзүн бактылуу сезип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Өлкөнүн күчтүү делген "Дордой" командасы менен "Алай" тең чыкты
Ымыркай 14-апрель күнү жарыкка келди. Эне-бала төрөт үйүнөн чыккан, учурда абалы жакшы. Жаңы төрөлгөн бөбөккө Данэлия аттуу ысым ыйгарылды. 

Дениэл Тэго — Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана "Дордой" клубунун коргоочусу. Жубайы Элнура менен алар былтыркы жылдын күз айында баш кошушкан. 

Футолчу Ганада төрөлүп, Кыргызстандын жарандыгын алган. 

Элнура Орозбаева — Чүй облусунун тургуну. Мамлекеттик каттоо кызматында иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0