Өлүм алдында жаткан кыз кантип Кыргызстандын сулуусу болду

Жазылуу
Азема Дыйканбаева ак куудай койкоюп, сахнага чыкты… Бул ирмемге ал аябай дыкаттык менен даярданган. Дарыгерлерден буту шишип чыгып, дарты чыдатпаганына да көз жуумуп койгон.

"Кыргызстандын сулуусу-2016" сынагында калыстар тандаган ай жаркын чүрөк кыз доктурлардын жардамысыз көпкө чейин жашай албасын бир да жан билген жок… Sputnik Кыргызстан кайрат-күчү опол тоодой кыздын тагдырын биринчи жактан алып баяндап берет. 

© предоставлено Beauty Company Kyrgyzstan"Кыргызстандын сулуусу-2016" сынагында калыстар тандаган ай жаркын чүрөк кыз Азема Дыйканбаева
Конкурс Миссис Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
"Кыргызстандын сулуусу-2016" сынагында калыстар тандаган ай жаркын чүрөк кыз Азема Дыйканбаева

Мен бала чагымдан бери атактуу болууну самачумун. Ырчы болом го деп ойлогом, убакыттын өтүшү менен деле бул оюмдан кайта албай койдум. Бирок жашоо өз мыйзамын таңуулап койду — уюлдук компанияда операторлукту аркалап калдым.

Ракты жеңген айымдар улуттук кийим-кече кийип, подиумдан басышты
Жолдошум менен кантип таанышканымды эстегим да келбейт. Жүрөгүм ооруйт… Бирок ак көйнөк кийген күнүм жашоомдогу эң бир бактылуу көз ирмем катары көөдөнүмдө кала бермекчи.

Ден соолугум эч убакта тынчымды алган эмес. Эч качан! Бирок бир күнү үйдөн өзүмдү кескин начар сезип кеттим. Эсиме ооруканадан гана келдим. Дарыгерлер кеп бөйрөгүмдө экенин айтышты.

Мен жашмын, көрө турган күнүмдүн баары алдыда. Анан эле дарыгерлер төрөөгө уруксат бербей коюшканда кандай абалда калганымды элестетип көрсөңүз… Мен укканыма ишене алган жокмун. 

© предоставлено Beauty Company KyrgyzstanАзема Дыйканбаева: "Ден соолугум эч убакта тынчымды алган эмес. Эч качан! Бирок бир күнү үйдөн өзүмдү кескин начар сезип кеттим. Эсиме ооруканадан гана келдим."
Конкурс Миссис Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Азема Дыйканбаева: "Ден соолугум эч убакта тынчымды алган эмес. Эч качан! Бирок бир күнү үйдөн өзүмдү кескин начар сезип кеттим. Эсиме ооруканадан гана келдим."

Жолдошума баары бир болчу. Бала — менин кыялым эле, ошондуктан тобокелчиликке белсендим.

Динара Түмөнбаева, Улуттук госпиталдагы гемодиализ блогу кошулган нефрология бөлүмүнүн башчысы:

— Мындан төрт жыл мурун, жаңы жылдын алдында бизге өлүм алдында жаткан кызды алып келишти. Эптеп сактап калдык. Ооруга кадимки ангина себеп болгон. Жөнөкөй эле дарт бөйрөккө берген. Буга баарыбыз кабылышыбыз мүмкүн.

Ошентип кайра ооруканага түштүм… Эч бир аялга жарыкка келе элек баласынан айрылышын каалабайм… Ушуну менен бүтүп калса кана, эки бөйрөгүм тең иштебей калды.

Майып болгон жаран үй-бүлөсүн мурдагыдай эле багып келет
Ошондон кийин жолдошумду такыр көргөн жокмун. Мен ооруканадан чыгып жатканда анын башка жакка кетип калганы белгилүү болду. Ага чалып, канча жолу кайрылып келүүсүн сурандым…

Балалуу болууга аракет кылганым үчүн өкүнөсүңбү дейсизби? Ооба, өкүнөм. Анткени, мындан аркы жашоом жасалма бөйрөк аппаратына байланган. Ооруканага эки күндө бир келем, төрт саат бою керебетте жатам. Процедуралардан кийин жүрөгүм айланып, дене-боюмдун калчылдаганы көпкө чейин кетпейт.

Динара Түмөнбаева:

— Азема — 1-топтогу майып. Бир эле сеанска келбей койсо, эртеңки күндүн көзүн көрбөй калышы мүмкүн. Мындай бейтаптарга сууну көп ичүүгө болбойт, анткени аба жетпей муунуп калышат. Өзүнө көп күч келтирбей, тамак-ашты да тандап жеши керек. Бул ооруга чалдыккандар көп болсо 15-20 жыл жашайт. Албетте, кош бойлуу болууга тыюу салынат!

Качан өзүмдү колго алышым керек экенин сезгенимди билесизби? Бир жолу жолдошума чалсам, бейтааныш кыз алып, анын жубайы экенин айтты. Ушундан кийин негедир аябай жашагым келди. Өткөнгө кайра кайрылуу жок эле.

Бир жолу теледен "Кыргызстан сулуусу-2016" сынагына тандоо жүрүп жатканын көрүп калдым. Мен да сулуу болгум келди. Апам менен дарыгерлер аябагандай колдоо көрсөтүштү. 

© предоставлено Beauty Company KyrgyzstanДинара Түмөнбаева: "Балалуу болууга аракет кылганым үчүн өкүнөсүңбү дейсизби? Ооба, өкүнөм. Анткени, мындан аркы жашоом жасалма бөйрөк аппаратына байланган."
Конкурс Миссис Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Динара Түмөнбаева: "Балалуу болууга аракет кылганым үчүн өкүнөсүңбү дейсизби? Ооба, өкүнөм. Анткени, мындан аркы жашоом жасалма бөйрөк аппаратына байланган."

Эмнегедир ушул кыздардын баары менен атаандаша аларыма көзүм жетип турду. Мейли, алардын акчасы, бактылуу бүлөсү, байланышы болсун, мага баары бир эле. 

Майып экенимди эч кимге айткан жокмун. Андыктан көп саатка созулган репетицияларда чыдабай кеткенимди эч ким түшүнгөн жок. Баары эле обу жоктонуп жатат деп ойлошту. Ошол убакта гемодиализден шишиген буттарым шилтөөгө келбей, башым айланып жатканын билдирбөөгө болгон күчүмдү жумшадым.

Эркти бекемдеген кырсык. Эки колунан ажырагандан кийинки Саматтын өмүрү
Менин бирден бир артыкчылыгым — басыгым болду окшойт. Мектептен эле басканың аябай келишимдүү деп көп укчумун. Калыстардын да купулуна ушул артыкчылыгым толсо керек. 

Сахнага төрт ирет чыктык. Бул аябай сонун көз ирмемдер эле! Андан да журналист келип мени менен маек курам деп атса… Жомок!

Мен сынакта "Кыргызстандын назик сулуусу" болдум. Албетте, жакшы жетишкендик.

Динара Түмөнбаева:

— Мындай дартка тушуккан адамдардын көбү өздөрүн да, жакындарын да кыйнай башташат. Тагдырына наалат айтып, дарыгерлерди жактырышпайт. Ошондо алар ашка да, башка да жүк боло баштайт. Бирок биздин Азема андайлардан эмес! Анын кайрат-күчү нар көтөргүс! 

© Sputnik / Табылды КадырбековАзема Дыйканбаева: "Эч качан тагдырыма таарынбайм. Кудай мындай сыноолорду жакшы көргөн адамдарына гана жиберерин билем. Билесиңерби, мен көпкө чейин жашайм. Сезип турам."
Конкурс Миссис Кыргызстан — 2016 - Sputnik Кыргызстан
Азема Дыйканбаева: "Эч качан тагдырыма таарынбайм. Кудай мындай сыноолорду жакшы көргөн адамдарына гана жиберерин билем. Билесиңерби, мен көпкө чейин жашайм. Сезип турам."

Эч качан тагдырыма таарынбайм. Кудай мындай сыноолорду жакшы көргөн адамдарына гана жиберерин билем. Билесиңерби, мен көпкө чейин жашайм. Сезип турам.

Азыр менин жанымда жакшы адам бар. Ал менин гемодиализге байлануу болгонумдан улам балалуу боло албай турганымды билет. 50-60 миң доллар чогултуп, бөйрөктөрүмдү алмаштыруу үчүн операция жасатууну кыялданам. Ал менин кадырыма жетет!

Жаңылыктар түрмөгү
0