КР тарыхчылары бирдиктүү база түзүү үчүн кошуна өлкөлөрдүн архивдеринде жүрөт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив сакталган аудитория. Архив
Архив сакталган аудитория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамдирекция иликтенген архивдик документтердин хронологиялык чектерин 1883-1917-жылдар түзөрүн айтышты.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргыз тарыхын тастыктаган баалуу тарыхый 24 документтин 726 барактан турган көчүрмөсү даярдалып, Борбордук мамлекеттик архивге тапшырылды. Бул туурасында Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планынын 53-пунктунун алкагында Архив агенттиги Россиядагы, Казакстандагы жана Өзбекстандагы мамлекеттик архив материалдарын, 1916-жылдагы окуялар боюнча маалыматтарды чогултуп, бирдиктүү база түзүү тапшырылган.

"Тарых илимдеринин доктору Кенесариев жетектеген, Борбордук мамлекеттик архивдин адистеринен турган илимий топ Россиянын Санкт-Петербург шаарынын эң ири мамлекеттик архивинин фондулары менен жакындан тааныша баштады. Алар XVIII, XIX, XX кылымдын башындагы тарыхый окуялар камтылган документтерди иликтөө иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат дирекция тараткан маалыматта.

Ал эми экинчи илимий топ аудиовизуалдык документтерди иликтөө максатында Россиянын Красногорск шаарындагы архивдик фондулар менен иштеп жатат.

Дирекциядан иликтенген архивдик документтердин хронологиялык чектерин 1883-1917-жылдар түзөрүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0