Селдин айынан Ошто таза суу берүү токтотулду

© Айша КамиловаПапан суу сактагычы
Папан суу сактагычы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын тургундары үч күн таза суусуз калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Катуу селден улам Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Ошсууканал" ишканасынын жетекчиси Дөлөтбек Кокочоров билдирди.

© Sputnik / Айша КамиловаКатуу селден улам Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду
Катуу селден улам Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Катуу селден улам Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду
© Sputnik / Айша КамиловаОшто бүгүн түнү Папан суу сактагычындагы таза сууга сел кошулуп кеткендигине байланыштуу шаарда таза суу берүү убактылуу токтотулду
Ошто бүгүн түнү Папан суу сактагычындагы таза сууга сел кошулуп кеткендигине байланыштуу шаарда таза суу берүү убактылуу токтотулду - Sputnik Кыргызстан
2/3
Ошто бүгүн түнү Папан суу сактагычындагы таза сууга сел кошулуп кеткендигине байланыштуу шаарда таза суу берүү убактылуу токтотулду
© Фото / Айша КамиловаЭскерте кетсек, кечээ түштөн кийин катуу жаан жаап, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын сел алып кеткен.
Эскерте кетсек, кечээ түштөн кийин катуу жаан жаап, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын сел алып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Эскерте кетсек, кечээ түштөн кийин катуу жаан жаап, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын сел алып кеткен.
1/3
Катуу селден улам Ош шаарында таза суу берүү убактылуу токтотулду
2/3
Ошто бүгүн түнү Папан суу сактагычындагы таза сууга сел кошулуп кеткендигине байланыштуу шаарда таза суу берүү убактылуу токтотулду
3/3
Эскерте кетсек, кечээ түштөн кийин катуу жаан жаап, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын сел алып кеткен.

Мындай аракет бүгүн түнү Папан суу сактагычындагы таза сууга сел кошулуп кеткендигине байланыштуу көрүлдү. 

"Папан суу сактагычына сел менен кошо ыпыр-сыпыр, ылай суу кошулуп кетти. Учурда маселени чечүү жолдору каралууда", — дейт Кокочоров. 

Мурдараак профилактикалык иштерге байланыштуу шаарда 19-апрелден 21-апрелге чейин таза суу берүү токтотулары айтылган. 

"19-апрелдин түнүндө биз таза суу берүүнү токтотобуз. Андыктан саат 22:00гө чейин суу топтоп алуу зарыл. Суу берүү бүгүн саат 24:00дөн баштап 21-апрелдин 24:00нө чейин токтотулат. Ал эми "Мады" жана "Туран" линиясы боюнча суу токтобойт", — дейт "Ошсууканал" ишканасынын диспетчери Алина Моисеева. 

Кокочоров эгерде суу тунбаса, профилактикалык иштер бир аптага жылышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, кечээ түштөн кийин катуу жаан жаап, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын сел алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0