ӨКМ башчысы Боронов сел каптаган аймакты кыдырып жүрөт

© пресс-служба МЧС КРСузак районундагы селдин кесепети. Архив
Сузак районундагы селдин кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алчалуу айылында беш үй менен тегерек-четин толугу менен, мектеп короолорун суу каптап кеткен. Ал эми Кара-Кысмак тилкесинде суу жолдун 30-40 метрин жеп кеткен.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов учурда сел каптаган Ош облусунда жүрөт. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Ошто куткаруучулар селден бир кызды аман алып калды
Эскерте кетсек, кечээ, 18-апрель күнү саат 16.00дө катуу жаан жаап, анын кесепетинен Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын сел алып кеткен.

Маалыматка ылайык, учурда Боронов Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагына караштуу Алчалуу айылында жүрөт. Бул аймакта беш үй менен тегерек-четин толугу менен, мектеп короолорун суу каптап кеткен. Ал эми Кара-Кысмак тилкесинде суу жолдун 30-40 метрин жеп кеткен.

Министр Алчалуу айылынын тургундары менен жолугуп, кырсык кесепеттерин жоюу боюнча министрликтин аймактагы өкүлчүлүктөрүнө тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0