Премьер "Коопсуз шаар" долбоорун жакын арада ишке ашырууну тапшырды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Мелис Турганбаевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору соттук териштирүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ички иштер министри Мелис Турганбаевге жакын арада "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек–Ыссык-Көль унаажолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
КМББ: кийинки видеокамера Ысык-Көл трассасына орнотулат
Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору соттук териштирүүлөрдөн улам ишке ашпай токтоп турат.

Турганбаев учурда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу маселе сотто каралып жатканын айтты.

Маалыматка ылайык, тендерди жеңген компания көрсөтүлгөн долбоорду 65 миллион АКШ долларына ишке ашырууну сунуштаган. Ал эми коңшу өлкөлөрдө бул сыяктуу долбоорлор бир топ төмөнкү суммада ишке ашырылган. 

"Соттук териштирүүлөр аяктары менен биз аталган долбоорду ишке ашырууну баштайбыз. Башка мамлекеттердеги тажрыйбаларды эске алуу менен долбоорду арзаныраак суммада ишке ашырууга болот деп ойлойбуз", — дейт министр.

Өз кезегинде Турганбаев кылмыштуулукка каршы күрөшүү, укук тартибин камсыздоо, милициянын катарындагы тартипти жакшыртуу жана ИИМ кызматкерлери, алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн социалдык-турмуштук шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ал эми өкмөт башчы калктын жалпы бийликке карата ишеними милициянын ишинен көз каранды экенин белгиледи. 

"Укук коргоо органдарындагы реформаларды улантып, анын атына "көлөкө түшүргөн" кызматкерлерди милициянын катарынан четтетүүгө багытталган ишти улантуу зарыл", — дейт Жээнбеков. 

Бир сааттык "коопсуз шаар" — бюджет канча сомдон куру жалак калып жатканын видео көрсөттү
Жолугушууда ошондой эле жакында түзүлгөн Кайгуул милициясынын жана Ички иштер министрлигинин башка түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин мындан ары жакшыртуу маселеси талкууланды.

Премьер-министр ошондой эле милиция ар-кыл себептер менен кичи жана орто бизнестин ишине кийлигишпөөсү тийиш экенин айтып, алар биринчи кезекте укук тартибин камсыздап, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү алып барышы керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0