Бишкектин тургуну Кыргызстанга болгон сүйүүсүн өзгөчө билдирди

© Sputnik / Табылды КадырбековБадалга түшүргөн "Мен сени сүйөм, Кыргызстан" деген жазуу
Бадалга түшүргөн Мен сени сүйөм, Кыргызстан деген жазуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак-Өргө" конушунун тургуну үчүнчү жыл катары менен түрдүү жазууларды бадалдарга жазып келет. Башында өзүнүн атын жазса, кийин өзү жашаган конуштун атын жазган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаанын "Ак-Өргө" конушунда жашаган Нуралы Жорокулов "Мен сени сүйөм, Кыргызстан" деген сөздү бадалга түшүргөнүн кошунасы Данияр Бактыбек уулу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековНадпись, вырезанная из кустов "Я люблю Кыргызстан"
Надпись, вырезанная из кустов Я люблю Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Надпись, вырезанная из кустов "Я люблю Кыргызстан"

"Нуралы политехте окуйт. Ал 22 жашта. Үчүнчү жыл катары менен бадалдарга түрдүү сөздөрдү жазып келет. Башында өзүнүн атын жазган. Кийин конуштун атын жазды. Быйыл мекенге болгон сүйүүсүн билдирди", — дейт ал.

Нуралы "Мен сени сүйөм, Кыргызстан" сөзүн бир күндө эле түшүрүп койгонун кошуналары айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0