Оштун тургундары Араван – Ак-Буура каналына саркынды сууларды агызып келген

© пресс-служба Госэкотехинспекции Араван – Ак-Буура каналы.
Араван – Ак-Буура каналы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын Туран кичи районунун тургундары саркынды сууларын Араван – Ак-Буура каналына агызып келиши атайын кызмат тарабынан токтотулду.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ош шаарынын Туран кичи районунда саркынды сууларды сактоо жайы жок болгондуктан, айрым жарандар кир сууларды Араван – Ак-Буура каналына куюучу түтүкчөлөрдү орнотуп, экологияга олуттуу терс таасирин тийгизишкен. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Суу түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыядагы саркынды суулар коркунуч жаратууда
Мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн Ак-Буура каналына түтүкчөлөрдү орнотуп алган 6 жаранга кылмыш иши козголуп, айлана —чөйрөнү бузгандыгы үчүн 25 кишиге беш миң сомдон айып пул салынган.

Туран кичи району дөңсөө жерде жайгашкандыктан, саркынды, кир суулар Ак-Буура каналына агып келет. Андыктан, Мамэкотехинспекция маселени түп тамырынан чечүү үчүн аталган аймакка тез арада саркынды сууларды топтоочу жай куруу зарылдыгын кабарлайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0