Борбор калаанын көчөлөрүнө өзгөчө жол чийиндер түшүрүлөт

© пресс-служба мэрии города БишкекЖол чийиндерин түшүрүү. Архив
Жол чийиндерин түшүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчы муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышуусун улантып жатат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Борбор калаанын көчөлөрүнө жакын арада жаңы жол чийин түшүрүлөт. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимовдун "Бишкекасфальтсервис" (БАС) муниципалдык ишканасынын жамааты менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Бишкектеги көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чоң-Арыктагы көрүстөн 30 гектарга кеңейет
Бишкек мэри муниципалдык ишканаларды текшерүүсүн улантып, бүгүн аталган мекеменин жамааты менен жолукту.

БАС жетекчиси Мирлан Амантуров ишкана чагылышып турган жаңы жол чийиндерди түшүрө турган 4,5 миллион сомдук унаа сатып алганын белгиледи. Анын айтымында, сапаттуу чийиндерди түшүрүү иштери жакын арада башталат.

Мындан тышкары, жолугушууда аталган ишкана күнүнө 100 миң тонна асфальт өндүрөрү белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 10-марттан тарта шаар көчөлөрүнүн аң-чөнөктөрүн оңдоо иштери башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0