Чоң-Арыктагы көрүстөн 30 гектарга кеңейет

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүБишкектеги көрүстөн. Архив
Бишкектеги көрүстөн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрүстөн буга чейин 300 гектар аянтты ээлеген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкектин түштүк-батыш аймагындагы 300 гектар аянтты ээлеген көрүстөн дагы 30 гектарга кеңейет. Бул тууралуу мэр Албек Ибраимов шаардык сөөк көмүү боюнча агенттигинин ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда билдирди.

Борбор калаа башчысы муниципалдык ишканаларды текшерүүсүн улантып, бүгүн аталган мекеменин жамааты менен жолукту.

Маалыматка ылайык, сөөк көмүү агенттигинде 70 адам иштейт. Жыл сайын ишкана 1,5 миң сөөктү жерге берип, бардык тийиштүү аза кызматын көрсөтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0