Аянтта кечээ түндө 12 жарым миңдик жоогазынды үзүп, жулуп кетишкен

Жазылуу
Буга чейин белгисиз адамдар Бишкектин чок ортосунан былтыркы жылдын ноябрь айында мэрия тарабынан отургузулган жоогазындарды үзүп кетишкени айтылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Уурулар Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Курманжан датканын эстелигинин жанынан 800 жоогазынды жулуп кетишкен. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин шаардын борбордук аянтынан отургузулган гүлдөрдүн уурдалышы тууралуу маалымдаган. Бул боюнча "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы милицияга арыз менен кайрылган.

Жоогазын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти түркүн түскө боёгон кызыл-тазыл жоогазын
Былтыр ноябрда аталган мекеменин кызматкерлери Курманжан датка жана Манас эстеликтеринин айланасына жалпысынан 22 миң 842 түп жоогазын отургузган. Анын бирөөсү 15,73 сомдон бааланган. Ал эми уурдалган 800 гүлдөн 12 миң 582 сомдук зыян келтирилген.

Учурда буга барган жарандарды милиция издеп жатат. 

Жоогазын — бул мезгилдик өсүмдүк, ушу тапта анын гүлү түшө баштады. 

"Зеленстрой" 20-апрелден баштап гүлдөп бүткөн жоогазындардын ордуна мезгилдик гүл болгон сальвия, тагетис, агератум, цинерария, пеларгония өсүмдүктөрү отургуза баштайт. Курманжан датканын эстелигинин алдына 24 миң 150 гүл отургузулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0