БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкектин ички жана кичи райондордогу жолдорду оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ремонт иштерин "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы жүргүзөт. Ушу тапта Жантөшев — Тыныстанов көчөсүнөн баштап Байтик Баатыр — Ахунбаев көчөлөрүнө чейинки бөлүгү жасалат.
Оңдоп-түзөө иштерине каражат шаардык бюджеттен каралган.
Быйыл квартал жана кичи райондордогу 44 жолду оңдолуусу пландалууда.