БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Россиядагы "Авиценна-2016" конференциясында Кыргызстандан барган Байгелди Нурдиновдун эмгеги 700 докладдын ичинен мыкты деп табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын маалымат кызматы билдирди.
14-апрелде Новосибирскиде жетинчи "Авиценна – 2016" аттуу россиялык илимий-практикалык конференциясы өтүп, анда студенттердин 700 эмгеги талкууланды.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын экинчи курсунун студенти Байгелди Нурдинов "Радиацияга каршы өсүмдүк" ("Растения против радиации") темасында докладын сунуштады.
"Мен бул эмгегимди 2012-жылы жаза баштагам. Анда өсүмдүктөрдүн арты менен ааламды радиациядан сактап калса болору айтылат", — дейт Нурдинов.
Мындан сырткары, Бишкектен барган студенттер латын тили, анатомия тарыхы жана анатомия боюнча олимпиадага катышып, командалык жарышта экинчи орунга ээ болушту.