Соттолуп жаткан Нарымбаев: мен эч кимден акча алган эмесмин

© Sputnik / Эркин АлымбековПрезиденттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив
Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык сотунда Нарымбаев менен Коркмазовдун иши каралып, анда Нарымбаев мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн, 18-апрелде Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча сот отуруму уланды.

Анда соттолуп жаткан Нарымбаев көрсөтмө берип, мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, кызматта турганда Нариман Түлеевдин агасы Нарынбек Түлеев келип, конфискацияланып жаткан турак жайдын жарымы мыйзамсыз кетип жатканын билдирген. 

Апрель окуясы боюнча айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү, кезек соттун өкүмүндө
"Президент бу боюнча маселе мыйзам чегинде гана чечилерин айткан. 6-майда жардамчым Тюлеевдин кызы Назгүл Тюлееванын мени менен жолугууну көздөп жатканын айтып келди. Мен алгач Чыныбай Турсунбеков менен чогуу жолугалы деп, ал киши бошобой калгандыктан жардамчым менен бирге эртеси күнү жолуканбыз. Сүйлөшүүлөр 15 мүнөткө созулуп, анда Назгүл Тюлеева атасы кетирген катасын мойнуна алганын жана кечирим сурагысы келип жатканын билдирди. Бул сөздү мен президентке жеткиргем", — деди Нарымбаев.

Ал Коркмазов менен Ысык-Көлдө жолукканын, анда Коркмазов Тюлеевдин кызы атасына кабатыр болуп жатат деп айтканын белгиледи. 

"Мен сот чечимине кийлигишүү болбостугун айттым. Мен эч кимден акча алган эмесмин жана сотторго маселени чечип берүү үчүн чалган эмесмин", — деди Нарынбаев. 

Эскерте кетсек, Биринчи Май райондук соту президент администрациянын мурунку жетекчиси Данияр Нарынбаевди үч жылга, ал эми Хажимурат Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Аталган чечим боюнча айыпкерлер Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз жазган. 

Максим Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: КР өкмөтү Максим Бакиевге болгон доодон баш тартты
Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал акчаны экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп алган. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган. 

Экс-депутат акчаны президент аппаратынын жетекчиси Нарымбаевдин айтканы менен талап кылганы боюнча көрсөтмө берген. Июлдун аягында Нарымбаев да камакка алынган. Кармалгандар соттун чечими менен УКМКНын тергөө абагында кармалып келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0