ТИМ: Кумамотодон төрт кыргыз жараны эвакуцияланды

© AFP / KAZUHIRO NOGIПоследствия сильных землетрясений в префектуре Кумамото на юго-западном острове Кюсю в Японии
Последствия сильных землетрясений в префектуре Кумамото на юго-западном острове Кюсю в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониядагы элчилик аймактагы абалга байкоо жүргүзүп, жарандар менен байланышта болуп турат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Япониянын Кумамото шаарында зилзалага байланыштуу абал кооптуу болгондуктан, ал жерде жашаган кыргызстандык төрт жаран эвакуацияланды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

"Кыргызстандын Япониядагы элчилиги кыргызстандык төрт жаранды алып чыгып, коопсуз аймакка жайгаштырды. Алардын экөө кичинекей балдар",— деп билдиришти ТИМден.

Учурда аталган шаарда Кыргызстандын атуулдары калган жок.

Жер титирөөгө кабылган дагы бир — Оита префектурасында 20 мекендешибиз үй-бүлөсү менен жашап жатат.

"Алардын көбү япондук грант программасынын алкагында окуп жаткан мамлекеттик кызматкерлер. Зилзала учурунда алар куткаруучулар тарабынан эвакуацияланган. Учурда Оитада абал турукташып калгандыктан, алар жашап турган жайларына кайтып келишти", — деп кабарлады маалымат кызматы.

ТИМден элчилик аймактагы абалга байкоо жүргүзүп, жарандар менен байланышта болуп тургандыгын билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0