Катуу жаандан Ала-Бука — Чаткал унаа жолу жабылды

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде саат 03:00 чамасында катуу жаандан улам жол тосулуп, учурда жүк ташуучу унаалар гана өтүп, жеңил унаалар өтө албай жатышат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука — Чаткал унаа жолунун 16-22-чакырымында катуу жааган жамгырдын кесепетинен шагыл-таштар унаа жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Ага ылайык, жаан 18-апрелге караган түнү саат 03:00 чамасында жааган. Мындан улам жолдон учурда жүк ташуучу унаалар гана өтүп, жеңил унаалар өтө албай жатышат. 

Кырсыктын эч ким жабыр тартпаганы бегилүү болду.

Бөлүнгөн техникалар жеткенден кийин тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0