Бүгүн борбор калаада Мавлид мааракеси белгиленет

Жазылуу
Эки күнгө созулган мааракеде VI Курани Карим боюнча өлкө жарышынын финалы жыйынтыкталат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүн Кааба уулу Кожомкул атында спорт ордосунда Мавлид маарекеси башталат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара эки күнгө созулуп, анда Египеттен атактуу Куран хафызы Мухаммад Саид Абу Лайланын келери күтүлүүдө.

"Жыл сайын Пайгамбарыбызды (САВ) таанытуу максатында мавлид программасы уюштурулуп келет. Бул маарекеде эл өкүлдөрүнө, Кыргызстандагы диний чөйрөдө, ар тармакта кызмат кылган адамдардан катардагы жарандарга чейин келип Пайгамбарыбызды (САВ) дагы бир жолу эскерип кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат", — деп жазылат маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Мындан сырткары, эки күнгө созулган иш-чарада VI Курани Карим боюнча өлкө жарышынын финалы жыйынтыкталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0