Жыйырма жылдан бери эт жебеген кыргызды көрдүңүз беле?

© Александр ЗлобинЙог, вегетариан — Харидас Чатыркулов. Архив
Йог, вегетариан —  Харидас Чатыркулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эт жеген боюнча алдына киши салбаган кыргызстандыктар вегетариандарга кандай мамиле жасарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билип көрдү.

Харидас Чатыркулов — йог, вегетариан жана алкымды тыя билген жөн гана жакшы адам.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде Чатыркулов эмне болуп эт жебей калганын жана буга жубайынын кандай карарын айтып берди.

— Эт жебей жапжакшынакай эле жашай аларыңызды качан сездиңиз?

— Эттен 20 жыл мурун баш тарткам. Мен анда 10 жашта болчумун. Буга ата-энем чоң таасир этти, алардын артынан мен да йога менен машыгып, ошондон тарта этсиз жашоо башталды.

— Мен азыр сиздин ал курагыңызга караганда эки эсе улуумун. Жок дегенде майлуу эт жебей көргөнгө да кээде кудуретим жетпей кетет…

— Адамдын умтулуусунан го дейм. Эч кимге зыян келтирбей жашаш керек да. Уй, кой, тоок деле адамдар сыяктуу жашоо үчүн жаралган. Бул бала кезде көбүрөөк таасир этсе керек, баарын жүрөккө жакын кабыл ала берет эмессиңби.

© Тимур КудайбердиевЙог, вегетариан — Харидас Чатыркулов
Интервью с вегетарианцем Харидас Чатыркуловым - Sputnik Кыргызстан
Йог, вегетариан — Харидас Чатыркулов

— Этти жакшы көргөндөргө эмне дээр элеңиз? Тарбиялап койгуңуз келбейби…

— Сабырдуу, чыдамкай болуу керек (күлүп). Мен бирөөгө бир нерсе далилдөөгө ашыкпайм. Эгер кимдир-бирөөгө менин жашоо образым кызык болсо, айтып берем, бирок эч кимге эч нерсе таңуулабайм. Кыргызстанда эттен баш тартууга адам өзү жетиш керек, аны айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес.

— Туугандарыңыз буга кандай карайт?

Женщина за чашкой чая. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз дипломатиясы: чайлашуунун 15 мааниси
— Чоң энелерге кыйын эле. Арык экенимди айтып аяп турушат. Кээде эч ким жокто көрсөтпөй курсагымды тойгузуп коюуга аябай аракет кылышат. Андан да "мэ, балам, жеп алчы, эч кимге айтпайм" дегендери да бар.

— Качандыр бир кезде эт жегиңиз келип кетсечи?

— Мунун алдын алуу мүмкүн эмес го… Эгер эттен башка эч нерсе жок болгон кырдаалга туш болсом, баш тартпайм. Бирок азыр жегим келбейт.

— Кыргыздардын жашоосун той-топурсуз элестетүү мүмкүн эмес. Дасторкондо басымдуу бөлүгү эттен жасалган тамактан кантип ооз тийбей коё аласыз?

— Тамактан баш тартуу кыргыздарда сыйлабагандык катары кабыл алынат. Дасторконго отурар алдында вегетариан экенимди, этти таптакыр жебей турганымды айтып түшүндүрүп коем. Албетте, алгач аябай таң калышат, бирок бир аздан кийин эттен башкасынын баарын оозума кармап турушат.

© Александр ЗлобинЙог, вегетариан — Харидас Чатыркулов
Интервью с вегетарианцем Харидас Чатыркуловым - Sputnik Кыргызстан
Йог, вегетариан — Харидас Чатыркулов

— Жубайыңыз эт жейби?

— Келинчегим да эт жебейт. Биз жаңы таанышканда ал жаңы эле эттен баш тартыптыр. Бирок вегетариан болбосо деле, баш кошкондон кийин эт жебей калмак болуш керек (күлүп). 

— Эт жебегендин эмне пайдасы бар?

— Биринчиден, мен жаш жана сулуумун (күлүп), 30ка чыктым, денем чымыр, ичим салаңдабайт. Чынын айтсам, бул ден-соолук үчүн абдан пайдалуу. Оорубайм, кыймылдуумун. Пайдасы көрүнүп эле турат го дейм.

— Эмне менен тамактанасыз?

— Тирүү жандыктан эч нерсе жебейм. Эч кимге зыян кылбоо — башкы принцибим.

Жаңылыктар түрмөгү
0