Туроператорлор ЕАЭБден пайдаланып, туристтердин агымын көбөйтүүнү сунушташты

© Sputnik / Табылды КадырбековАк-жол чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайы. Архив
Ак-жол чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайларында туристтерди, каттагандарды тейлөө шарттарын жакшыртуу аракеттери башталганын билдирди.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Чек ара кызматынын башкы штабында 2016-жылдагы туристтик мезгилге даярдык талкууланып, анда туроператорлор мамлекеттик жана күч структуралары менен биргеликте иш алып баруу зарылдыгын айтышты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага туризм жаатында иш алып барган министрликтер, ведомстволордун жана күч органдардын өкүлдөрү, Кыргызстандагы туроператорлор катышты.

"Талкуу өлкөдөгү тиешелүү мамлекеттик органдар менен жеке компаниялардын башын кошуп, туризм жаатын жакшыртуу максатын көздөдү. Алар Кыргызстандын ЕАЭБге киришинен пайдаланып, туристтердин агымын көбөйтүүнү айтышты",— деп билдирди маалымат кызматынан.

Аталган ведомство бул багытта Чек ара кызматы көзөмөл-өткөрүү жайында туристтерди, Кыргызстанга каттагандарды тейлөө шартын жакшыртуу аракеттери башталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0