Бишкекте билим фестивалы өтүп, агартуучу иш-чаралар уюштурулат

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүМектеп окуучулары сабак учурунда. Архив
Мектеп окуучулары сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пластинация жана Анатомия музейлери 16 жашка чейинкилерге эшигин ачып, келгендер ал жерден кызыктуу фактылар менен тааныша алат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстанда 22-23-апрелде IV Билим берүү фестивалы башталат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондусунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү өтүүчү жармаңкелер, кесипкөйлөрдүн форумдары балдар менен чоңдорго пайдалуу маалымат берип, агартуучулук максатты көздөйт.

Шаардыктар жана шаар коноктору бул эки күн ичинде балдары менен эс алуучу жайларга барып, ал жерлердеги уюштурулган майрамга катышууга мүмкүнчүлүк алат. 

Алгачкы күнү, 22-апрелде Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын эшиги каалоочуларга кенен ачылып, жогорку класстын окуучулары келечектеги кесибин тандоого кеп-кеңештерди алат. Кичинекейлерди жана ата-энелерди бул окуу жайда уюштурулган окулисттин, стоматолог жана дерматологдун бурчтары күтүп алат. Ал жерден үй-бүлө мүчөлөрү чогуу барып, керектүү кеп-кеңештерди алууга шарт түзүлгөн.

Ноутбукта иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан инженердик багытта иштеген кыз-келиндерге муктаж
Ал эми Пластинация жана Анатомия музейлери 16 жашка чейинкилерге эшигин ачып, келгендер ал жерден кызыктуу фактылар менен тааныша алат.

Фестивалдын экинчи күнү Кыргызстандын атактуу адамдары балдарга жомок окуп беришсе, сейил бактарда сүрөт көргөзмөлөрү өтөт. 

Каалоочулар көргөзмө-жармаңкелерге барып, ал жерден 30га чукул мектептердин жана бала бакчалардын тарбиялануучуларынын жараткан эмгектери менен тааныша алат. 

Шаардагы спорттук клубдардын,борборлордун тарбиялануучулары спорттун ар кыл түрлөрү боюнча чеберчилигин ата-энелер менен бөбөктөргө тартуулайт. 

Андан сырткары, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында балдар үчүн сахналаштырган бир нече спектаклдин премьералары болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0