Мэр Ибраимов РФтин элчиси Андрей Крутько менен жолукту

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин мэри Албек Ибраимов жана Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько.
Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тараптар Бишкек менен Москва шаарларынын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү ойлору ортого салынды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бишкектин мэри бүгүн Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько менен жолукканын шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Бишкек менен Москва шаарларынын ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү ойлору ортого салды.

Иш-чарага Москва шаарынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жана Бишкектеги "Дом Москвы" маданий борборунун башкы директору Руслан Абдыгулов катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0