Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКол саат тагынган адам. Архив
Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кирешелер боюнча акыркы декларацияга ылайык, азыркы министрлердин айрымдарында маянадан сырткары кошумча киреше булагы, жеке турак жайы бар болсо, кээ бирлери айлыктын көзүн карап жашайт.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Эки күн мурун Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин түзүм долбоору, өкмөттүн программасы менен структурасы каралып, бир добуш менен колдоого алынды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тынч күрөш, мөөнөтсүз президенттик шайлоо. Эксперттер премьер Жээнбеков жөнүндө
Ал эми жаңы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кечээ кызматтык милдетин аткарууга киришти. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамындагы министрлердин өткөн жылдары тапшырган декларациясын карап чыгып, буга чейин кимиси канча каражат тапканына кызыгып көрдү. 

Сөздү өкмөт жетекчиси Сооронбай Жээнбековдон баштасак. 2014-жылы тапшырылган декларацияга ылайык, премьер-министр Айыл чарба институтун аяктагандан уламбы, айтор, чарбалык ээликтерге бай келет. Анын менчигинде трактордон тартып 4 миң терекке чейин бар. 

Тагыраагы:

  • МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактор;
  • 1,05 гектар жерде 1 миң 700 түп алма;
  • 4 миң түп терек;
  • 15 чарчы метр аянттагы дүкөн;
  • 60 чарчы метр аянттагы үй;
  • Бир жылдык маяна — 550 миң 792 сом. 

Ал эми азыркы министрлердин айрымдарында маянадан сырткары, кошумча киреше булагы, жеке турак жайы бар болсо, кээ бирлери айлыктын көзүн карап жашайт. 

Бизнеси жок болсо да үй-жайы бар министрлер:

Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күлү додо болбогон өкмөт башчылар. Экс-премьерлердин тагдыры
Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр Олег Панкратов — 80 чарчы метр аянтта жайгашкан үй, 2003-жылкы "Toyota Harrier" үлгүсүндөгү унаа. Жылдык маяна — 1 миллион 280 миң сом.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева — 93 чарчы метрлик батир. Жылдык маяна — 704 миң 581 сом.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев — 78,2 чарчы метрлик батир, 15 чарчы метр аянттагы унаа койчу жай, 2000-жылкы Mersedes үлгүсүндөгү унаа. Бир жылдык маянасы — 639 миң 716 сом.

Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева — 94,1 чарчы метрлик батир. Жылдык маяна — 699 миң 286 сом.

Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов — 20 сотых жер тилкеси менен жер үй, чыгармачылык ишмердүүлүктөн түшкөн 400 миң сом. Жылдык маяна — 324 миң 901 сом.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев — 235,7 чарчы метрлик жер үй. Кызматка кечирээк келгендиктен маянасы 35 миң 498 сомду түзгөн. 

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев — 164 чарчы метрлик батир, алты сотых жери менен 35 чарчы метрлик дача. Жылдык маяна — 976 миң 040 сом.

Өкмөт аппаратынын жетекчиси Акылбек Осмоналиев — 65 чарчы метрлик батир, 1997-жылкы Honda СRV үлгүсүндөгү унаа, 800 чарчы метрлик жер тилкеси. Жаңы кызматка чейинки жылдык маянасы — 683 миң 986 сом. 

Жеке турак жайы жок министрлер

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев — Социалдык фондду жетектеп тургандагы жылдык маянасы —510 миң 760 сом.

Жогорку кеңештин жыйынындагы депуттатар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бириңерден бириң эр, төрага болчу кимиңер? Исаев менен Төрөбаев тууралуу фактылар
Ички иштер министри Мелис Турганбаев — бир жылдык маянасы — 528 миң 538 сом, сатуудан түшкөн кирешеси — 2 миллион 850 миң сом. 

Экономика жана өнөр жай министри Арзыбек Кожошев — жылдык маянасы —669 миң 700 сом, мугалимдик ишмердүүлүктөн түшкөн киреше — 35 миң 158 сом.

Каржы министри Адылбек Касымалиев — жылдык маянасы — 683 миң 153 сом. 

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева — жылдык маянасы — 518 миң 984 сом, 724 чарчы метрлик жемиш багы, 2002-жылкы Honda CRV үлгүсүндөгү унаа. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов — жылдык маянасы —707 миң 086 сом.

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникация министри Замирбек Айдаров менен Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин маалыматтары көрсөтүлгөн эмес. Анткени, алар мамлекеттик жогорку кызматка кийинчерээк келишкен. 

Эске салсак, маалыматтар Мамлекеттик кадр кызматынан алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0