Дарыгер менен чатакташкан милиционердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкеринин шеврону. Архив
ИИМ кызматкеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда соттук медициналык экспертиза жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кылмыш иши козголо элек.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Төрөт үйүндө дарыгер менен жулкулдаша кеткен милициянын үстүнөн кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 11-апрелде борбор калаадагы төрөтканада милиция кызматкери менен дарыгер жулкулдаша кетип, доктур милиция кызматкери аны сабаганын айтып, чара көрүү боюнча арыз жазган

ШИИБдин билдиришинче аталган кызматкерге карата кылмыш иши козголо элек. Анткени соттук медицияналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0