Жол кыймылын көзөмөлдөгөн "элдик инспекторлорду" депутаттар сыйлады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын көчөлөрүнүн бири. Архив
Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бири. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөлөрү 12-апрель күнү Эрланбек Боогачиев менен Талантбек Турдубаевге ыраазычылык билдиришти.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин профилдик комитети Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жолду көзөмөлгө алган жигиттерге ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Жол тыгынды жөнгө салган жигит жана жардамга келбеген патрулдук милиция кызматкерлери
Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникацияр, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөлөрү 12-апрель күнү Эрланбек Боогачиев менен Талантбек Турдубаевге ыраазычылык иретинде калпак жана картина белек кылды. Эл өкүлдөрү жол көзөмөлдөгөн жигиттерге ден-соолук каалап, бул кадамы башкаларга үлгү болорун айтышты. 

1-апрель күнү Кайгуул милициясы расмий ишке киргенден баштап YouТube каналында видео пайда болуп, анда иштебеген жол чырактарга жана жол кыймылын башкарып жаткан жигитке эч кандай реакция кылбаган Кайгуул милициясы тууралуу айтылган. Кол чатыр кармаган жаран Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде унааларды башкарып турат. Дал ушул маалда кайгуул машинасы өтөт.

Жол кыймылын жөнгө салбай кеткен Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынын үч кызматкери жумуштан бошотулган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0