ИИМ кайгуулчу видеожетонду качан күйгүзө аларын түшүндүрүп берди

© Sputnik / Бакыт ТолкановКайгуул милициясынын жаңы формасы. Архив
Кайгуул милициясынын жаңы формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төшкө тагылуучу видеокаттоодон тышкары КМББ ишин кызматтык унаадагы үч камера көзөмөлдөйт.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Кайгуул милициясынын видеокаттоо каражаттарын пайдалануу тартибин түшүндүрүп берди.

Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы 1-апрелден тарта ишке киргизилген. Кылмыштарды, административдик эреже бузууларды жана башкармалык кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө үчүн техникалык каражаттар берилген.

КМББ (Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы) кызматкери нөөмөткө киришип жатып төшкө тагылуучу видеожетонду күйгүзүп, аны кезмети аяктагыча өчүрбөйт. Кызматтык унаага салондун ичин, унаанын алдын жана артын көзөмөлдөй турган үч камера орнотулат.

Өрттөн адамдарды сактап калган эки кайгуул милиционери сыйлыкка көрсөтүлүүдө
Аудио жана видеокаттоо КМББ кызматкери менен эреже бузган жарандын бардык аракетин каттайт. Видеокаттоону өз алдынча өчүрүүгө, аудионун жазылышына тоскоол болууга тыюу салынат. Бул эрежени бузган инспектор жоопкерчиликке тартылат.

Эс алуу жана тамактануу учурунда милиционер кезметчи же жетекчинин уруксаты менен жазууну токтотуп, жетон берген убактысын атайы журналга катташы зарыл.

Маалыматтар аккумуляторду заряддоо учурунда автоматтык түрдө серверге жүктөлөт.

Кылмыш боюнча жазуулар — 3 жыл, административдик эреже бузуулар — 1 жыл, башка учурлар — 1 ай убакытка чейин сакталышы шарт. 

Сервердеги маалыматты жоопкер адам жана КМББ бөлүмүнүн командири гана ала алат. Мында ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

Керек болгон учурда бул маалыматтар иштин материалы менен бирге сотко жана соттун талабы менен жөнөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0