13:04 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
8310

Милиционерлер жатакананын башка жабырлануучуларындай эле иске ууланып, ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өрт чыккан жатаканадан адамдарды алып чыгууга жардам берген эки милиционерди Кайгуул милициясынын башкармалык жетекчилиги сыйлай турганын аталган мекеме билдирди.

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин жатаканасында кечээ, 11-апрель күнү өрт чыгып, ис урган 14 киши ооруканага жаткырылган.

Кайгуул милициясы өрт тууралуу белгилүү болгондон кийин нөөмөттө тургандар окуя болгон жерге келип, жашоочуларга жардам көрсөткөнүн маалымдаган. 

Өрт өчүрүү маалында сержант Кубанычбек Белеков менен старшина Азамат Шайымканов өрттөнүп жаткан имарат ичинен 25 жашоочуну алып чыгышкан. 14 тургун ооруканага жаткырылып, алардын арасында жети айлык наристе бар экени айтылууда.

Адамдарга жардам берип жаткан милиционерлер иске ууланып, шаардык №4 ооруканага жаткырылышты. 

Кайгуул милициясы жетекчиликтен тышкары аталган кызматкерлерге жатакананын жашоочулары менен ишкерлер да ыраазычылык билдирүүнү каалап жатышканын билдирди.

Тема боюнча

ӨКМ: жатаканадагы өрттөн улам 14 адам ооруканага жеткирилди
Арабаев атындагы окуу жайдын жатаканасында өрт чыкты
Белгилер:
жардам, жатакана, милиция, уу, өрт

ЭҢ МААНИЛҮҮ