Өлкөдөн чыгууга тыюу салынган үч жаран чек араны айланып өтүүгө аракет кылган

© Sputnik / Табылды КадырбековЧек арадаы көзөмөл мунарасы. Архив
Чек арадаы көзөмөл мунарасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жарандар ИИМге өткөрүп берилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК,12-апр. — Sputnik. Кыргызстандын үч жараны кыргыз-казак чек арасы аркылуу мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жеринен кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирди.

Ага ылайык, 2016-жылдын 11-апрелинде "Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктун Кыргызстандын үч жараны айланып өтүүгө аракет кылган. Аталган жарандардын документтерин текшерген учурунда аларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы аныкталган. 

Кармалган жарандар ИИМге өткөрүп берилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0