Зыяратчыларды Мекке — Медина каттамы боюнча акыркы үлгүдөгү автобустар ташыйт

© пресс-служба ДУМК Автотранспорт на хадж 2016
Автотранспорт на хадж 2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынын Түркстан жана Орто Азия вакф комиссиясынын мүдүрү менен жолугушуу учурунда быйылкы кыргызстандык ажыларга 2385 орундуу мейманкана даярдалары аныкталды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Быйыл ажыларды Мекке — Медина каттамы боюнча акыркы үлгүдөгү автобустар ташыйт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегациянын Сауд Аравияга болгон сапарынын учурунда белгилүү болду.

Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга баруу үчүн эмнелерди билүү керек
Маалыматка ылайык, кыргызстандык делегация зыяратчылардын унаа меен камсыздоочу Рабита Макка фирмасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, келишимге кол коюлду.

Мындан тышкары, Азирети муфтий Сауд Аравиясынын Түркстан жана Орто Азия вакф комиссиясынын мүдүрү менен жолугушту. Анын алкагында муфтий Максатбек ажы Токтомушев 2015-жылы кыргызстандык ажыларга Түркстан жана Орто Азия вакф комиссиясынын көрсөткөн мыкты кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, мактоо баракчаларын тапшырды. 

Муну менен катар жолугушуу учурунда быйылкы кыргызстандык ажыларга 2385 орундуу мейманкана даярдалары аныкталды. 

Учурда Азирети муфтий баштаган делегаттар 1300 ажынын мейманканасын дайындоо үчүн Мавараанахр вакф комиссия мүчөлөрү менен жолугары күтүлүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0