Диний окуу жайлардын мугалим менен студенттери футбол, волейбол боюнча күч сынашат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүВолейбол топтору. Архив
Волейбол топтору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорттук беттеш 20 команданын ортосунда өтүп, ага облустун жети районунан келген өкүлдөр катышат.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Эртең Ош шаарында дин кызматкерлери, диний окуу жайлардын ортосунда волейбол жана футбол боюнча мелдеш өтөт. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ошто улгайган адамдар жарышка түшөт
Спорттук иш-чара "Спорт — тынчтыктын символу" деп аталып, Ош облусунун жети районунун дин кызматкерлери жана диний окуу жайлардын мугалимдери менен студенттери катышмакчы.

Беттеш 20 команданын ортосунда өтүп, дин кызматкерлеринин спортко болгон кызыгуусун арттыруу аркылуу сергек жашоого үндөө жана ар түрдүү терс агымдардын алдын алууга үндөө максатын көздөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0