Министрлер онкологиялык оорулуу балдар үчүн кан беришти

© пресс-служба Минсоцразвития КРКыргызстандын министрлери онкологиялык жактан оорулуу балдар үчүн кан тапшыруу учурунда
Кыргызстандын министрлери онкологиялык жактан оорулуу балдар үчүн кан тапшыруу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кан тапшыруу боюнча акцияны коомдук фонддор өткөрүшүүдө. Ага эки министр катышты.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстандын министрлери онкологиялык жактан оорулуу балдар үчүн кан тапшырышты. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Символ медицины. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Түркия менен биргеликте оорукана курулат
Кан берүү боюнча кезектеги акция "HelptheChildren – SKD" коомдук фондусу тарабынан өткөрүлүп жатат.

Бейшемби күнү эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев менен саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев иш-чарга катышып, кан тапшырышты. 

Фонддун маалыматы боюнча чогулган кан онкологиялык, гемоталогиялык жана иммунологиялык оорулуу балдарга жана алардын ата-энелерине берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0