Үч ай изделген Айганыштын сөөгү эртең менен Мырза-Акеге алынып келинип, жерге берилди

© Генеральное консульство КР в ЕкатеринбургеАйганыш Канат кызы. Архив
Айганыш Канат кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жокчулуктун, жоопкерчиликсиздиктин айынан эмгек мигранты болуп кичинекей Айганыш чоочун эле, бөтөн жерде каза болду…

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Екатеринбургда дайынсыз жоголуп кетип, денеси шаардын автобекетинен табылган 13 жаштагы Айганыштын сөөгү бүгүн кичи мекенине алып келинип, Мырза-Аке айылында жерге берилди.

Бул туурасында аталган айылдын тургуну Мырзакул Саипов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Оштун Мырза-Аке айылынын жашоочусу 13 жаштагы Айганыш Канат кызынын энеси Анара Молдобазарованын айтымында, Екатеринбургдагы айылдаштары бала бактырганга алып кетип, ал жактан жоголуп кеткен. 

"Кыздын сөөгү "Екатеринбург — Ош" аба каттамы менен алынып келинип, эртең менен Мырза-Акеге жеткиришти. Бүгүн жерге берип, азыр тажыясын өткөрүп жатышат", — деди Саипов.

КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү боюнча каражат чогултулуп жаткандыгын билдирген.

Өзгөндүн Мырза-Акесинде жашаган Айганышты апасы алган кредитин төлөй албай, материалдык кыйынчылыктан улам, аны мигрант болуп жүргөн айылдаштарына бала баккыч кылып Екатеринбургга жөнөткөн. Бала бакканга кеткенден кийин өспүрүмдөн иштеп тапкан акчасына энеси кредитин чекесинен төлөп кутула баштаган. 13 жашар кыз эки жыл ичинде болжол менен 20-30 миң рублдин тегерегинде акча жөнөткөн. 

Көз жаш, жокчулук. Энеси Екатеринбургда жоголгон кичинекей кызы жөнүндө айтып берди
2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келбей, издөө иштери үч ай уланган.

Кыз жоголгондон кийин Екатеринбургдун милиция кызматы, аталган аймактагы кыргызстандыктардын коому активдүү издөөгө киришип, бирок, тилекке каршы андан майнап чыккан эмес.

Башкы консул Кожобаев 4-апрелде Екатеринбургдун автобекетиндеги табылган дене мындан үч ай мурда жоголгон 13 жаштагы Айганыш Канат кызына таандык экенин тастыктаган.

Айганыш Мырза-Аке айылындагы туулган, үч бир туугандын улуусу болучу, атасы учурда түрмөдө эле. 

Ошентип, жокчулуктун, жоопкерчиликсиздиктин айынан эмгек мигранттык кылган Айганыш жашында жайрап, чоочун эле, бөтөн жерде каза болду…

Жаңылыктар түрмөгү
0