Чек арачылар дин менен экстремизмдин айырмасын үйрөнүштү

Жазылуу
Катышуучуларга эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө идеологиялык даярдык берүүчү китептер тапшырылды.

БИШКЕК, 7-апр. Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлерине дин менен экстремизм жана терроризмдин айырмасын түшүндүргөн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу "Ыйман" руханий маданиятты өнүктүрүү фондунун маалымат кызматы билдирди. 

Иш-чарага Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов катышты.

"Чек арачылар жоопкерчиликтүү кызмат аркалагандыктан исламдын жөнөкөй шарттары тууралуу маалымат билүүсү зарыл. Себеби, экстремизм жана терроризмди ислам менен байланыштыруу токтобой келет", − деп айтылат маалыматта. 

Окутуунун жүрүшүндө, Эргешов исламда зордук-зомбулук, адам өлтүрүү ат көтөргүс күнөө экенин айтты.

"Исламдын жөнөкөй эрежелерин билүү адамдарды туура эмес нукка тартылып кетүүдөн сактайт. Чек ара кызматкерлери жалпы жарандарды колго курал алуу менен коргоп жаткандыктан, биз маалыматтык жактан колдоого даярбыз", − деп билдирди Акимжан ажы. 

Маалыматка ылайык, окутуу кечээ 6-мартта өткөрүлгөн. Катышуучуларга эл аралык экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө идеологиялык даярдык берүүчү китептер тапшырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0