Былтыр үч миңге жакын мамлекеттик кызматкер квалификациясын жогорулаткан

Жазылуу
Аталган иш-чараны жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттен 6,4 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Өткөн жылы 2738 мамлекеттик кызматкер квалификациясын жогорулатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милициянын патрулдук-пост кызматкерлери квалификацияларын жогорулатышты
Ага ылайык, мамлекеттик заказ менен өткөн жылы 3600 кызматкердин квалификациясын жогорулатуу пландалып, 154 курстан анын 2738 кызматкери даярдыктан өттү. Булардын 1800ү мамлекеттик кызматкер, 938и муниципалдык кызматкер болуп саналат. 

Аталган иш-чараны жүзөгө ашыруу үчүн бюджеттен 6,4 миллион сом каржыланган. 

Мындан сырткары өкмөттүн жарлыгына ылайык, быйыл 4150 кызматкердин квалификациясын жогорулатуу пландалууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0