Ысык-Көлдө Көчмөндөр оюндары үчүн 13 спорткомплекси курулууда

© пресс-служба Дирекции по национальным видам спортаИпподром куруу иштери. Архив
Ипподром куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Көчмөндөр оюнуна даярдыктар тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү үчүн ден-соолукту чыңдоо комплекстери менен ипподром курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлү Асхат Акибаев билдирди. 

Шаршемби күнү Каракол шаарында дене-тарбия жана спорт күнүнө карата жыйын болуп, анда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна карата даярдыктар талкууланды.

"Бактуу-Долоноту айылына 13 жаңы ден-соолукту чыңдоо комплексин куруу иштери башталды. Жалпы облус боюнча 467 спорттук объект бар", — дейт Акибаев. 

Буга чейин дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында "Кырчын" жайлоосунда өткөрүлө турган иш-чараларды уюштурууга 793 адам тартыла турганын Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекция билдирген. 

Үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрь күндөрү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Программага улуттук спорттун 26 түрү кирип, иш-чарага 40ка чукул команда чакырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0