Уюлдук телефонго акы алынуучу кандай кызматтар кошулганын билип алыңыз

© Sputnik / Табылды КадырбековУюлдук телефон жана АКШ долларлары. Архив
Уюлдук телефон жана АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет колдонуучулары уюлдук операторлор тарабынан абоненттерге айтылбастан киргизилген акы алынуучу кызматтарды жоюу үчүн тиешелүү органдарга кат жазууну сунуштады.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Жанабил Давлетбаев "Кара тизме" группасына уюлдук операторлор тарабынан киргизилген акы алынчу кызматтар тууралуу үн катууга чакырык жасады. 

Акы алынуучу кызматтардын кошулганын текшерүү
Акы алынуучу кызматтардын кошулганын текшерүү - Sputnik Кыргызстан
Акы алынуучу кызматтардын кошулганын текшерүү

"Урматуу интернет колдонуучулары, уюлдук операторлор тарабынан сизге айтылбастан киргизилген акы алынчу кызматтарды аныктоо үчүн уюлдук телефонуңузду текшерүүгө чакырам. Эгерде мындай көрүнүш сизде да катталса, баарыбыз биригип тиешелүү органдарга кат жөнөтөлү", — деп жазат Давлетбаев.

Кыргызстанда кызмат көрсөткөн уюлдук опеаторлордун сайттарында абоненттер атайын комбинациянын жардамы менен акы алынчу кайсы кызматтарды пайдаланып жатканын текшерсе болору жазылган. 

MegaCom — *515# чалуу

Beeline — *071# чалуу

О! — *202# чалуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0