Кыргызстанда мектеп окуучулары 100 миң көчөт отургузат

© пресс-служба мэрии города БишкекКөчөттөр. Архив
Көчөттөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган иш-чара "Чырпык чынар болот, өлкөбүз гүлзар болот" аттуу акциянын алкагында жүрөт.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп окуучулары 100 миң көчөт отургузат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, аталган министрлик Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте "Чырпык чынар болот, өлкөбүз гүлзар болот" аттуу акциясынын алкагында 100 миң көчөт отургузууну пландап жатат. 

"Биздин министрлик мектептерди жашылдандырууга өзгөчө көңүл бурат. Бул акция жөн гана көчөт отургузуу гана эмес балдардын табият менен татуу мамиледе болуусун көздөйт", — дейт билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева.

Аталган акция үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекттик агенттиги 100 миң көчөт бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0