Интернет колдонуучулары кабатырланган күрөң аюунун абалы жакшы

© Юрий Копытин"Мишка" аттуу Тянь-Шань күрөң аюусу
Мишка аттуу Тянь-Шань күрөң аюусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир канча күндөн бери интернет колдонуучулары Токмокто аюуну жер төлөдө кармап жатканын айтып, жаныбарга боор толгошкон.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Мишка" аттуу Тянь-Шань күрөң аюусу жакшы шартта, доктурлардын көзөмөлүндө экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик аңчылык чарбасынын директору Алтымыш Ибраимов билдирди. 

Бир канча күндөн бери интернет колдонуучулары Токмокто кармалган аюунун айланасында кызуу талкуу жаратышкан. Аны жер төлөдө кармап, татыктуу мамиле жасабай жаткандарга нааразы болушкан. 

© Юрий Копытин"Мишка" аттуу Тянь-Шань күрөң аюусу жакшы шартта, доктурлардын көзөмөлүндө
1/2
"Мишка" аттуу Тянь-Шань күрөң аюусу жакшы шартта, доктурлардын көзөмөлүндө
© Юрий КопытинБул жөнүндө Мамлекеттик аңчылык чарбасынын директору Алтымыш Ибраимов билдирди.
2/2
Бул жөнүндө Мамлекеттик аңчылык чарбасынын директору Алтымыш Ибраимов билдирди.
1/2
"Мишка" аттуу Тянь-Шань күрөң аюусу жакшы шартта, доктурлардын көзөмөлүндө
2/2
Бул жөнүндө Мамлекеттик аңчылык чарбасынын директору Алтымыш Ибраимов билдирди.

Ибраимовдун айтымында, аталган аюу кышында браконьерлерден сатып алынган. 

"Сатып алган учурда аюунун абалы начар болчу. Өлүп калабы деп кооптонгонбуз. Мал доктурлар кам көрүп, учурда абалы жакшы", — дейт мүдүр. 

Аюуну жеринен барып тартып келген журналист Юрий Копытин Ибраимовдун сөзүн тастыктап, аюу жакшы шартта каралып жатканын айтты. 

Ибраимов жакын арада аюу үчүн атайы ыңгайлуу жай салына турганын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0