КМББ ыраазычылык билдирүү үчүн "элдик инспекторду" издеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкерлери. Архив
Жол кайгуул кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы анын ордуна жол кыймылын жөнгө салган жигитти социалдык тармактарда издөөдө.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы "элдик инспекторду" ыраазычылык билдирүү үчүн издеп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине мекеменин маалымат катчысы Тилек Оторов билдирди.

1-апрель күнү Кайгуул милициясы расмий ишке киргенден баштап YouТube каналында видео пайда болуп, анда иштебеген жол чырактарга жана жол кыймылын башкарып жаткан жигитке эч кандай реакция кылбаган Кайгуул милициясы тууралуу айтылган. Кол чатыр кармаган жаран Ахунбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде унааларды башкарып турат. Дал ушул маалда кайгуул машинасы өтөт.

Ахунбаев — Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги "элдик инспектор" жазага тартылышы мүмкүн
Оторов жигиттин дилгирлиги тыгындын пайда болушуна жол бербегенин белгилейт. Кайгуул милициясынын башкармалыгы жигитти дал ушул ынтызарлыгы үчүн сыйлоону чечкен.

Муну менен бирге Оторов жол кыймылына өзүм билемдик менен көзөмөлдүк кылуу кырсыктарга да алып келиши мүмкүн экенин, жөнгө салуучу жаран ага жоопкер экенин белгилейт. Кайгуул милициясынын өкүлү жолдо жигиттин жанынан өтүп кеткен кызматкерлердин иши боюнча териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

КМББ жигитти табышууга соцтармактын пайдалануучуларын жардамга чакырат. Байланышуу телефондору 0 (555) 363132 же 0 (312) 630900 (Тилек).

Кол чатыр кармаган жигиттин жол чырак иштебей калган эки көчөнүн кесилишинде жол кыймылын жөнгө салып турушун Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрө аласзыдар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0